2024-жылдын 23-апрелинен 25-апрелине чейин 52870 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда 3 этаптан турган отряддын атайын тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаты бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн даярдыктарын текшерүү, коргонуу согушун жана талаа машыгуусун өркүндөтүү, согуштук аракеттерди жүргүзүүдө макулдашылган аракеттерге үйрөтүү, отряд командиринин согуш жүргүзүүнү уюштуруу чеберчилигин жогорулатуу болду. 25-апрелде машыгуунун активдүү фазасы өтүп, кошумча күч каражаттары менен биргеликте бөлүкчө командирлери күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну практика жүзүндө көрсөтүштү.

Машыгуу учурунда күжүрмөн унаалар жана башка куралдар менен практикалык ок атуулар, материалдык, техникалык, медициналык камсыздоолор жүргүзүлдү.